Кыргызстандык студенттер Эл аралык университеттик спорт фестивалында 4 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара 19-августта Орусиянын Екатеринбург шаарында башталган. Мелдеш эртең, 31-августта жыйынтыкталат. Спорт фестивалына жалпысынан 36 өлкөдөн 281 университеттин өкүлү катышууда. Таймаштар спорттун 14 түрү боюнча өтүүдө.
Бокс боюнча:
1. Жеңиш Улпатов (48 килограмм) – алтын медаль, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти;
2. Рустамбек уулу Нурадин (71 килограмм ) - алтын медаль, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин студенти;
3. Азаматов Айдар (86 килограмм) – күмүш медаль, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Тоо-кен технологиялык колледжинин студенти;
4. Токтосун уулу Бакыт (92 килограмм) - күмүш медаль, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти;
5. Иназаров Мирзахид (60 килограмм) - коло медаль, Кыргыз-Өзбек университетинин студенти.
Эркин күрөш боюнча:
1. Мырзаназар уулу Бекболот (61 килограмм) - алтын медаль, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти;
2. Доктурбек уулу Юхан (57 килограмм) – күмүш медаль, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти;
Аялдар күрөшү боюнча:
1. Нуридин кызы Бермет (59 килограмм) - алтын медаль, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти;
2. Сазанова Дильназ (65 килограмм) – күмүш медаль, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти.
Грек-рим күрөшү боюнча:
1. Муратбек уулу Улан (57 килограмм) - күмүш медаль, Кыргыз медициналык стоматологиялык институту (КМСИ) студенти;
2. Бердиев Алибек Аскаралиевич (77 килограмм) – күмүш медаль, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 4-курсунун студенти;
3. Орункул уулу Бекзат (82 килограмм) - күмүш медаль, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2-курсунун студенти.
Дзюдо:
1. Шабданбеков Муса (66 килограмм) - коло медаль, Кыргызстан Эл аралык университетинин 3-курсунун студенти.