"Мугалим, дарыгер, режиссёр бар". Эгемендик күнүнө карата бир нече жаран "Манас" ордени менен сыйланды (тизме)

Эгемендик күнүнө карата бир катар кыргызстандыктар "Манас" ордени менен сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн жана өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу бир нече жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.

I даражадагы “Манас” ордени менен:

Жумабеков Сабырбек Артисбекович- И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы,

Шер-Нияз Садык- режиссёр, Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Эркебаев Абдыганы- академик, мамлекеттик жана коомдук ишмер;

II даражадагы “Манас” ордени менен:

Бебезов Хаки- Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин медицина факультетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы;

Сатаркулов Сабатбек- “Сууавтоматика жана метрология” долбоорлоо-конструктордук жана технологиялык институтунун гидротехникалык курулуш боюнча башкы адиси;

III даражадагы “Манас” ордени менен:

Жакшылыков Асан- акын, жазуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун президиумунун мүчөсү;

Дубанаев Садырбек Мамбеталиевич- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Генералдар кеңешинин төрагасы;

Ибрагимов Сергей Мухамедович- "Бакай Банк” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы;

Камчыбеков Толобек Кадыралиевич- “М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети” илимий изилдөө университетинин ректорунун кеңешчиси, башкы илимий жетекчиси;

Кубатов Эдуард Джумакадырович- альпинист, коомдук ишмер, “Кыргыз Республикасынын альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы” коомдук бирикмесинин президенти;

Мадаминов Гапыр Маматкулович- Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 мектеп-гимназиясынын негиздөөчүсү, тарых мугалими;

Мамазаирова Менди - акын, жазуучу, драматург, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун президиумунун мүчөсү;

Маматалиев Абдырахман Мадакимович- “Кепилдик фонд” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү;

Мамбетакунов Молдосейит - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино кафедрасынын доценти;

Сайдилканов Орозали- Ош облусунун Кара-Кулжа районунун О.Сайдилкановдун автордук гимназия мектебинин негиздөөчүсү;

Салиев Союзбек Сатыбалдиевич- “КАОПА” – Кыргыз учкучтарынын жана авиаторлорунун ассоциацияланган бирикмесинин төрагасы;

Турганбаев Надырбек Турганбаевич- Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын генерал-лейтенанты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан