Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Бишкекте өтүп жаткан "Барселона легендалары" командасына каршы оюнга эмне себептен чыкканын айтты.
"Мен бул оюнга чыкпай эле коёюн дедим эле. Жашым деле 55ке келди, мурдагыдай ылдамдык деле болбойт экен. Бирок менден тарыхый көз ирмем болсун деп суранышты. Ошондуктан макул болуп чыктым", - деди Садыр Жапаров оюн алдындагы сөзүндө.