Коомчулук Тиктоктун жабылышына кандай пикирде? (видео)

Бүгүн, 30-августта өлкө аймагында Tik Tok кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүп, Tik Tok платформасын колдонууда балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана курактык категорияны контролдоо функциялары киргизилбей жатканын аныктаган.

Буга байланыштуу аталган платформанын ишин токтотуу тууралуу чечим Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

SUPER.KG порталы бул маселе боюнча шаар тургундарынын пикирин угуп көрдү.

Сурамжылоону видеодон көрүңүз.

Сурамжылоо
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Uri24
2023-08-30 22:26:00
Окмотту сотко берсенер болот. Анткени окмот миндеген адамдарды каражатсыз калтырды. Тик ток аркылуу каражат таап Аларды эмнеге эске албайсынар Садыр Жапаровтун зөкүр бийлиги. Алардын баарын окмот компенсация кылып бериш керек.
-5
Jigitaliev95
2023-09-01 08:57:00
Uri24.сенда бир эл бузарсында окмот эмне тиктокто акмак болуп жаткандарга акча толоп бериш керекпи додой ошентип акча тапканча таппай ачка калышсын иш жакпастар иштесин элге окшоп пешене тери мн акча тапсын... Сен эчкимдин оюна туура келбеген оюнду жаза бербе сени баары бир эч ким колдобойт сен тенирчи окшойсун чото
0
Uri24
2023-08-30 22:28:00
Тик ток жабылганы менен элдин жашоосу, маданияты жакшы жака бурулуп кетпейт. Баягы эле кочодо сөгүнгөн эркектер, тамеки, насвай чеккендер, ушак сүйлөгөндөр, эки жүздүүлөр, бирин бири көрө албагандар. Кыска ой жугурткон кыргыздар ошол учун эч качан алдыга жылбаган эл.
-5
Azat-123
2023-08-30 23:52:00
Жабылсын, Кыргыздын менталитетине туура келбейт
+5
Рахманбек
2023-08-31 01:17:00
Оюбуз туура эле колдойбуз окмоттун чечимин
+5
rafo80
2023-08-31 14:07:00
Тик Токуңду урайын , жакшы эле жабылды . Элдин аң сезимин бузган кызмат эле . Тиктокерлер капа болуп жатсаңар Тик-Тогу бар өлкөгө көчүп кеткиле . Бизге келечекте маданияттуу муундар келишин каалайбыз .
+3
IOA
2023-08-31 15:32:00
Жабылсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан