"Барселона" легендалары Бишкектеги жолдоштук беттеште Азиянын ардагер футболчуларын 3:0 эсебинде утуп алды. Оюндагы голдорду 26-мүнөттө Ривалдо, 37-мүнөттө Хуан Пабло Сорин жана 80-мүнөттө Хавьер Савиола киргизди. Аталган беттеште өлкө башчысы Садыр Жапаров да ойноду.
Белгилей кетсек, кечээ, 29-августта Жалал-Абадда дүйнөгө белгилүү "Барселона" клубунун академиясы ачылды. Ага клубдун президенти Жоан Лапорта өзү келип катышты. Мындай ири окуя Орто Азияда биринчи жолу болууда.