Кечээ, 30-август күнү Ош шаарынын Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда 31-август Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына арналган Президенттин кубогунун алкагында кыргыз күрөшү боюнча мелдештин биринчи күнү жыйынтыкталды.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан жана Казакстан, Өзбекстандан келген 50дөн ашуун спортчу катышып, 75 килограмм жана 75 килограммдан жогоркулар арасында беттештер өттү.
Жарым финалга чыккан спортчулардын тизмеси (75 килограм) :
- Анарбаев Касымбек;
- Бактияр Кадырбек уулу;
- Исраил Айбек уулу;
- Айболот Аманов.
75 килограммдан жогоркулар:
- Абыдалы Мавлянов;
- Бактияр Мирлан уулу;
- Бекболот Токтогонов;
- Муктарбек Калыбек уулу.
Байге фонду жалпы 400 миң сомду түзөт.
1-орун — 100 миң сом;
2-орун — 60 миң сом;
3-орун — 40 миң сом.
Белгилей кетсек, бүгүн бардык мелдештердин финалдык беттештери жана сыйлоо аземи өтөт.