Ош шаарынын Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда 31-август Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына арналган Президенттин кубогунун алкагында кыргыз классикалык күрөшү боюнча мелдеш өтүүдө.
Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан жана Казакстан, Өзбекстандан келген 61 спортчу катышып, 80 килограмм жана 80 килограммдан жогоркулар арасында беттештер өттү.
Жарым финалга чыккан спортчулардын тизмеси (80 килограмм) :
- Бектурган Нооман уулу;
- Ирлан Казбек уулу;
- Курманбек Алимжанов;
- Илхомжон Машрабов.
80 килограммдан жогоркулар:
- Мыктыбек Каныбек уулу;
- Камалдин Абдурахманов;
- Мухтарбек Калыбек уулу;
- Жаныбек Аллакулов.
Байге фонду жалпы 400 миң сомду түзөт.
1-орун — 100 миң сом;
2-орун — 60 миң сом;
3-орун — 40 миң сом.
Белгилей кетсек, бүгүн бардык мелдештердин финалдык беттештери жана сыйлоо аземи өтөт.