Казакстандын президенти кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Бүгүн, 31-августта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу казак президентинин расмий сайтында жарыяланды.

Токаев жөнөткөн куттуктоо телеграммасында, Кыргызстандын ийгиликтерин коңшу өлкө зор шыктануу менен кабыл ала турганын билдирген.

"Казакстанда азыркы Кыргызстандын ийгиликтери зор шыктануу менен кабыл алынып, достуктун жана өз ара колдоонун духунда көп кырдуу кызматташтыгыбызды мындан ары тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Биргелешкен күч-аракеттердин аркасында казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы жакын элдерибиздин бакубаттуулугу үчүн мындан ары да чыңдала берерине ишенем", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан