Шоумен, ырчы, тамада Кубаныч Баркалбасов экинчи ирет ата статусуна ээ болду. Сүйүнүчтүү жаңылыгы менен ырчы инстаграм баракчасына бөлүштү.
"Сүйүнчү, туугандар! Биз экинчи ирет уулдуу болдук. Куттуктоолорду кабыл алабыз", - деп жазды ал.
Белгилүү болгондой, келинчеги Бишкектеги төрөтканалардын биринде көз жарган. Учурда эне-баланын абалы жакшы.
Айта кетсек, Кубаныч Баркалбасов келинчеги экөө буга чейин бир уулду тарбиялап келишкен.