Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги иш-чаралар Ошто өтөт

Президент Садыр Жапаров Ош шаарында жана Ош облусунда өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Маалым болгондой, Ошто мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү аземи, Кыргыз Республикасынын Баатыры Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өтөт. Мындан тышкары "Төлөйкөн" ипподромунда ат оюндары, ошондой эле башка маданий иш-чаралар уюштурулат.
Ал эми кечкисин өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө жана Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган гала-концерт өткөрүлөт.
Иш-чаралар УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде жана социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан