Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 31-август Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда төмөнкүлөрдү айтты:
"Урматтуу мекендештер!
Уучубуз куру эмес экен, улуу элдин урпактары экенибизди ушундай адамдар тастыктап келет. Башкача айтканда, жаратман эл экенибизди ак эмгеги, асыл нарк дөөлөттөрдү жаратуу менен далилдеп берген баатырларыбыздын иши уланууда. Эмки маселе, урматтуу замандаштар, бизде, биздин муундун өкүлдөрүндө.
Ар бир муундун өз миссиясы, аткара турган озуйпасы болот. Андан улам тарых биздин муундан эмнени күтөт, кыргыз тарыхына кандай салым кошобуз, өткөндүн эмнесин чандык да, жаңыдан эмнени таптык? Кай багытта кантип өнүгөбүз, кийинки тарыхты кандай жаратабыз, кийинки муунга эмне таштай алабыз, мына ушундай тариздеги омоктуу соболдор баарыбызды ойлонтууга тийиш! Баарыбыз акыл калчап, тереӊ ойлонуп, олуттуу мамиле кыла турган озуйпа ушул!
Анткен менен өлкөдө күрдөөлдүү иштер жүрүп, жаркын келечекке жасаган кадамдарыбызга азыноолак токтоло кетейин.
Бүгүнкү күндө рухий жардылыктан арылып, билимге умтулган жаштарыбыз, “мамлекет мага эмне кылып берет?” дебей, “мен мамлекетиме эмне кыла алдым?” деген көз караштагы жарандарыбыз, эчендеген кылымдарды башына өткөргөн элибиз ушул күнгө нарк-насили менен жеткенин аңдап-түшүнүп, өзөгүн издеп, рухий дөөлөттөрдү даңазалаган эр-азаматтарыбыз, тарыхы тереңде жаткан элдин тамыры кенен жайылсын деген жаратман замандаштарыбыздын саны өсүүдө. Алакандай эл аталып, башка чукак журт элек, мынакей 7 миллиондуу калк болдук, Кудайга шүгүрчүлүк.
Кыргыз 7 санына өзгөчө маани берген, төлгө тартып, жакшылыкка жоруган. Элибиз бөөдө кырсыктан сырткары болуп, көбөйүп өсө берсин, 7 млн калкыбыз 70 млнго берсин!
Көбөйгөн сайын элибиздин аң-сезими өзгөрүп, мамлекет жасап берет деп отура бербестен, өз киндигибизди өзүбүз кескенге үйрөндүк. “Мамлекет боло албайсыңар” дегендер менен өчөгүшө, мүдөөсү бекем улуттар менен атаандаша жашаганды үйрөнө баштадык.
Эң ириде өлкө коопсуздугу турат эмеспи, ааламдашуу доорунда күч үстөмдүк кылып турган мезгилде аскердик күч-кубатыбызды арттырып, коргонуу мүнөзүндөгү, мамлекеттин аскер коопсуздугун камсыздоого багыт алган “Аскердик доктринаны” кабыл алдык.
Жогоруда белгилеп өткөнүмдөй, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун курууга белсенип, мамлекетибиздин дүйнө жүзүнө кулачын жаюуга жол ачылып олтурат.
Жол демекчи, мамлекеттин экономикасынын күрөө тамырына айланган жол тармагында дагы реформалар башталды. Жол курууга техника жок деп шылтоолобой, 700гө жакын жол куруучу техникаларды сатып алууну мерчемдеп, алардын 265и сатылып алынып, азыр жер-жерлерде кызуу иштеп жаткан чагы. Жол менен кошо жарандык коргонуу тармагы дагы күчтөлүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учак, куткаруучу техникалар алынды.
Ал эми баардыгы электр кубатына көз каранды болгон маалда бүгүнкү күндө ири ГЭСтердин агрегаттары реконструкцияланып, ондогон чакан ГЭС, күн, шамал электр станциялары курулуп жатканына жамы журтубуз күбө.
Ошону менен катар Кыргызстандын жүрөгүнө айланган Баткен облусуна миллиарддаган каражаттар каралып, айылдарды калыбына келтирүүгө, жаңы үйлөрдү, социалдык обьектилерди курууга, элдин жашоо-шартын оңдоого жумшалып жатат.
Таалим-тарбия, билим берүү тармагында бала бакчалардын, жаңы мектептердин курулушу 2 жылдан бери жигердүү жүрүп, республикадагы мектеп көйгөйү четинен чечилип келет.
Мындан сырткары, кызмат адамдарын ротациялоо ийгиликтүү натыйжасын берип жатканы үчүн, жер-жерлерде кызматтык үйлөр курулуп, колдонууга берилүүдө.
Аймактардагы аэробекеттердин курулуштары бүтсө, буюрса, өлкө ичиндеги аба каттамдары дагы жанданат.
Мына ушул сыяктуу иш-аракеттерден улам, эл аралык институттар тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдердин негизинде Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн мамлекеттердин катарына кошулду.
Урматтуу кыргызстандыктар, жогоруда тизмектелген ири долбоорлорду ишке ашыруу менен көздөгөн максатыбызга жетебиз, элибиздин мүдөөсүн орундатабыз. Бир кезде Кыргызстандын жетишкендиктери менен сыймыктанчу учур да келет.
Андай заманды жаратуу, өнүккөн өлкө куруу биздин колубузда. Себеби, бизде баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Өлкөдөгү, эл ичиндеги мындай артыкчылыктарды колдон чыгарбай туура пайдаланып, тарых жаратып калуу улам боло бербей турган тарыхый шанс.
Шансты кетирбейли, өлкөнүн жаратылыш ресурстары, адам ресурстарын туура, сарамжал, астейдил колдонуп, аталардан бизге калган эгемендүү Кыргызстанды өркүндөтүп-өстүрүп, кийинки муунга өткөрүп берели.
Дагы бир жолу Эгемендик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!", - дейт өлкө башчы куттуктоосунда.