Орусияда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленди. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү элчиликтен билдиришти.
Маалым болгондой, 27-августта "Баткен-Өрүкзар" кыргыз диаспорасы менен биргеликте Москва облусунун Клин районунда майрамдык жана маданий иш-чаралар өткөрүлгөн. Ага Клин шаардык округунун башчысы А.Соколовская жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү катышкан.
"Дипломатиялык өкүлчүлүктүн өкүлдөрү иш-чаранын катышуучуларын майрамы менен куттуктап, анын Кыргызстан эли үчүн маанилүүлүгүн белгилешти", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле катышуучуларга кыргыз элинин маданиятынын жана турмуш-тиричилигинин предметтери, кыргыз боз үйүнүн жасалгасы, килем буюмдарын жасоо процесси көрсөтүлгөн.