Садыр Жапаров мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун айкелин ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Ош мамлекеттик университетинде көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргызстандын тунгуч премьер-министри Насирдин Исановдун эстелигин ачты.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Кыргызстандын эл баатырынын 80 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Ош облусунда майрамдык иш-чаралар өтүүдө.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө, Кыргыз элинин тарыхында тагдыр чечүүчү саясий мезгилдерде өлбөс-өчпөс из калтырган инсандардын бүтүндөй ааламы бар экенин айтып, алар тарых жараткан, өз коомун, замандаштарын жаңы доорго жетелеген улуу инсандар болушканын белгиледи.

"Алардын Кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон салымына таазим кылуу менен, өлкө тарыхындагы орошон эмгектерин кийинки муундарга жеткирүүбүз зарыл. Кыргыз элинин таалайына жаралган Насирдин Исанов таланттуу жетекчи жана темирдей эрки бекем инсан катары өлкөбүздүн ар кандай тармактарында: мамлекеттик саясатта, курулушта, илимде, экономикада из кылтырды. Насирдин Исановдун катардагы жумушчудан башталган эмгек жолу бүтүндөй республиканын жогорку кызматтык тепкичине чейин жете алган.

“Жакшынын көзү өтсө да, жасаган иши түбөлүк” дегендей, учурда Насирдин агабыз экинчи, түбөлүк өмүрүн жашоодо. Эл сыймыгына айланган бул инсан жаш муундарды тарбиялоодо сөзсүз үлгү болот деп эсептейм. Ошентсе да Исановдун ак кызматын элибиз билет, элибиз баалайт. Насип ушундай экен, анын Ата Мекенине жасаган ак эмгеги көзү өткөндөн кийин бааланып, өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы ыйгарылып олтурат", - деди Жапаров.

Ошондой эле ал Насирдин Исановдун айкелин тургузууну демилгелеп, колго алган Ош мамлекеттик университетинин эмгек жамаатынын аракети алкоого татый турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан