Жалтыр-жултур кийимдерди кийишкен сулуулар чыгыш бийин аткарышууда. Өздөрүнүн ийкемдүүлүгү, ийилчээктиги, эң башкысы, жалжылдаган көз караштары менен элдин назарын бурушууда.
Белгилей кетсек, бүгүн, 13-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Супер концерт-2013" өтүүдө. Бул концертте жылдын мыктыларын жана жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан «Супер сулуу-2013» сынагынын жыйынтыгы чыгарылат. Эртең, 14-декабрда ушул эле концерттин экинчи бөлүгү болот.