Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы коомдук өкүлү болуп Жаркынбай Тойтуков дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жаркынбай Тойтуков учурда Новосибирск шаарында жашайт.
Ал 2009-2015-жылдары дагы аталган министрликтин коомдук өкүлү болуп иштеген.
"Министрликтин коомдук өкүлдөрү өлкөнүн четте жүргөн жарандарынын укугун жана кызыкчылыгын коргойт. Алардын милдети - эмгек мигранттарына ар тараптуу жардам жана кеңеш берүү, ошол өлкөдө жашаганга көнүп кетишине көмөктөшүү болуп саналат. Ошондой эле кыйын жагдайда калган мекендештерге жардам беришет", - деп жазылат анда.
Министрликтин учурда чет өлкөлөрдө 96 коомдук өкүлү бар жана алардын 90у Орусияда турат. Германияда 5, ал эми Украинада 1 коомдук өкүлү бар экени айтылат.