Легендарлуу мушкер Александр Емельяненко ислам динин кабыл алды

Аралаш мушташ боюнча белгилүү машыктыруучу Рамазан Исмаилов орусиялык мушкер Александр Емельяненко ислам динин кабыл алганын билдирди.

"Александр Емельяненко ислам динин кабыл алды. Чын жүрөгүмдөн куттуктайм”, - деп жазды ал.

Учурда 43 жаштагы Емельяненко Ингушетияда. Мушкер ал жерде алкоголдук ичимдикке байланыштуу реабилитациядан өтүп, кийинки беттешке даярданууда.

Буга чейин Александр Емельяненконун кийинки беттешин октябрь айында өткөрөрү, анын атаандашы орусиялык оор салмактагы Вячеслав Дацик болору айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан