Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүктүн 32 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара башталууда.
Калаа тургундары үчүн уюштурулган майрамдык кечеде эстрада ырчылары майрамдык маанай тартуулайт. Салтанатка күбө болуу үчүн аянтка келген шаардыктардын саны арбын.
Белгилей кетсек, быйыл Эгемендүүлүк күнүнө арналган негизги иш-чара Ош шаарында өтүп жатат.