Композитор жана жазуучу Сталбек Бактыгуловдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду

Бүгүн, 31-августта Бишкекте Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор жана жазуучу Сталбек Бактыгуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, маркум менен коштошуу зыйнаты өзү жашаган Чыгыш-5 кичи районундагы үйүндө болду.

Коштошуу зыйнатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев баштаган белгилүү маданият ишмерлери, Сталбек Бактыгуловдун бир туугандары жана айылдаштары катышышты.

Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан