Бүгүн, 31-август борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына арналган майрамдык салтанат өтүүдө. Анда Малика Дина, Кудайберди Айтбосунов, Аваз Акимов, Айдана Дека, Азиз Баатыров баштаган бир катар белгилүү эстрада ырчылары чыгармаларын аткарып, шаардыктарга майрамдык маанай тартуулоодо.
Майрамдык салтанатка келген коноктор "Ала-Тоо" аянтына жык толду. Аталган концерттик программа саат 24:00гө чейин уланат.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстан Эгемендүүлүктүн 32 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Негизги майрамдык иш-чаралар быйыл Ош облусунда өтүүдө. Ал эми борбор калаадагы концерттик программаны Бишкек мэриясы менен "Сүйүнчү" радиосу уюштурган.