Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө арналган куттуктоолор чет элдик мамлекет башчыларынан келип түшүүдө. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Башатында жалпы тил, маданият жана тарых турган стратегиялык мамилелер мындан ары да эки өлкөнүн элинин жыргалчылыгы үчүн өз ара түшүнүшүү жана өз ара жардам көрсөтүү нугунда өнүгө берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, сизге чың ден соолук жана бак-таалай, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин куттуктоосу.
«Үстүбүздөгү жыл кытай-кыргыз мамилелеринин тарыхында орчундуу мааниге ээ. Сиз Кытайга болгон мамлекеттик сапарыңызды ийгиликтүү аяктап, «Кытай-Борбор Азия» саммитине катыштыңыз. Биз Кытай менен Кыргызстандын ортосунда бирдиктүү тагдыр коомчулугун биргелешип түзүүнү макулдаштык, Кытай-Кыргызстан алакаларын жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине алып чыгып, бардык тармактарда кызматташууну тереңдетүү боюнча маанилүү консенсуска жетиштик.
Мен эки жактуу мамилелерге өзгөчө көңүл бурам жана биздин жеке достугубузду баалайм, Кыргызстандын улуттук кайра жаралуусу жана өнүгүүсү үчүн жасаган аракеттериңизди колдойм. Жаңы тарыхый мезгилде биз Кытай менен Кыргызстандын ортосунда бирдиктүү тагдыр коомчулугун түзүүнү жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн “Бир алкак, бир жолду” биргелешип курууну ишенимдүү алдыга жылдырабыз»,- деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
АКШ президенти Жозеф Байдендин куттуктоо телеграммасы.
«Америка Кошмо Штаттарынын элинин атынан Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине өлкөңүздүн Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгын белгилеп жатканыңызда эң жакшы каалоолорубузду жолдойм. Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарын биздин жалпы баалуулуктарыбыз, анын ичинде эркиндик, адилеттүүлүк жана демократия бириктирип турат. Биз биргелешип аймактык коопсуздукту чыңдап, демократиялык институттарды бекемдеп, инклюзивдик экономикалык өсүшкө көмөктөшүп келебиз. Келерки жылда биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланыштарды жана биздин элдердин ортосундагы достукту дагы да чыңдап, бардыгы үчүн албан бакубатчылыктын жана коопсуздуктун келечегин түзөбүз деген терең ишеничтемин», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Француз Республикасынын лидери Эммануэль Макрондун куттуктоосу.
«Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата жеке Сизге жана бүткүл кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү чын дилимден каалайм. 2021-жылдын августунда Парижде Кыргыз Республикасынын Элчисинин кызматына киришүүсү биздин өлкөлөр ортосундагы жакындашууну көрсөтүп турат жана бул мезгилде анын жаңы экономикалык, илимий жана маданий өнөктөштүктөрдү орнотууга кошкон салымы бизди кубандырат. Франция жана француздар Кыргызстандын экологиялык туризмди өнүктүрүүгө шарты бар жана экономикалык жактан өнүгүү үчүн кең келечеги бар жаратылыш байлыгына кызыгып келет. Франция гидроэнергетика тармагындагы тажрыйбасын сиздердин өлкөнүн жана аймактын пайдасына алып келүүнү каалайт. Ысык-Көл облусундагы «Үч чоку» тоо-лыжа кластери долбооруна француз компанияларынын катышуусу да мени кубандырат», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Бахрейндин Королу Хамад бин Иса Аль-Халиф президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Достош өлкөңүздөрдүн эгемендүүлүгүнүн жылдыгына байланыштуу улуттук майрамга карата сиздерге Бахрейн Королдугунун элинин жана Өкмөтүнүн атынан чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жана эң жакшы каалоолорду кубануу менен билдиребиз. Ошондой эле учурдан пайдаланып, Улуу Даражалууга чың ден соолук жана бакыт-таалай, Сиздин элиңиздин туруктуу өнүгүүсүн чын дилден каалайбыз" - деп айтылат куттуктоодо.
Хорватиянын Президенти Зоран Милановичтин куттуктоо телеграммасы.
«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Хорватия Республикасынын жарандарынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктоолорду билдирем, ошондой эле Сиздин өлкөнүн жарандарына өнүгүүнү жана гүлдөп-өсүүнү каалайм. Хорватия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелер жана кызматташтык мындан ары да эки тарапты кызыктырган көптөгөн тармактарда өнүгүп, бекемделет деп ишенем. Экономикалык кызматташтыгыбызды бекемдөө абдан маанилүү деп эсептейм», - деп айтылат куттуктоодо.
Индиянын Президенти Драупади Мурмунун куттуктоосу.
«Индия жана Кыргызстандын бир нече багыттагы кызматташуулар менен мүнөздөлгөн жылуу жана достук мамилелери бар. Мен эң жакшы тилектерди жолдоп, Сизге ден соолук жана бакубатчылык, ал эми достук алакадагы Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.