Башкы прокуратуранын тергөөчүсү пара менен кармалды (видео)

Опузалап пара алып жаткан жеринен Башкы прокуратуранын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, УКМК тарабынан Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, юстициянын майору З.У.К. жана анын шериги М.У.А. кармалды.

"Кармалган прокуратура кызматкери тергелип жаткан кылмыш иши боюнча маселени оң тарапка чечип берүү үчүн чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн бир нече жолу опузалап талап кылып, пара алганы аныкталды. Ошол эле учурда кылмыш ишин башка органга өткөрүп бергенине карабай, прокуратуранын тергөөчүсү инвесторлорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, 8 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алган", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүм (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштын негизинде облустун башкы башкармалыгы кылмыш ишин козгогон.

Маалымдалгандай, 4 миң доллар өлчөмүндөгү сумманын бир бөлүгү Ош шаарында М.У.А. аттуу ортомчусу аркылуу прокуратуранын тергөөчүсү тарабынан алынган.

Учурда прокуратуранын тергөөчүсү жана анын шериги Жалал-Абад шаардык сотунун санкциясы менен УКМКнын Жалал-Абад обласунун башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына 2 айга камакка алынып, тергөө иштери уланууда.

Опузалап пара алып жаткан жеринен Башкы прокуратурасынын тергөөчүсү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан