Бүгүн, 1-сентябрь - Билим күнү. Бул күндө таңынан мектепке камылга көрүп, баласын мектепке ээрчиткен ата-энелерди, ары сүйүнүп, ары толкунданып, жаңы мектептин босогосун аттай турган 1-класстын окуучуларын, кобурашып, сөзү бүтпөгөн жеткинчектерди көрүүгө болот.
Өлкөбүздөгү бардык мектептер эшигин ачып окуучуларды өзгөчө шаң менен тосуп алды. Алгачкы ирет мектепке келген даярдоо жана 1-класстын окуучулары үчүн бул күн унутулгус болуп, эстеринде калары бышык.
SUPER.KG порталы мындай өзгөчө күндүн атмосферасын чагылдыруу менен сүрөт баян тартуулайт.