
Ысык-Көлдүк милиционерлер саякатчыга жоголгон велосипедин таап, кайтарып беришти. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
27-август күнү милицияга 27 жаштагы Германиянын жараны Йонас Унглерт кайрылган. Анда саякатчы велосипед менен өзүнүн мамлекетинен бери саякат жасап келе жатканын жана бул убакыттын ичинде бир нече өлкөдө болгонун түшүндүргөн.
"Ошол күнү Каркыра жайлоосунда чатыр тигип түнөп, велосипедин болсо суунун жээгинде койгондугун, эртең менен ойгонсо волесипед жоголуп кеткенин байкаганын билдирген.
Милиция кызматкерлери жоголгон буюмду саякатчы түнөгөн жерден бир нече чакырым алыстыктан табышкан. Көрсө, жергиликтүү жаш балдар туристтин велосипедин тебишип, чоң каналдын жанына таштап кетишкен экен" деп айтылат маалыматта.
Ыкчам издөө иштери үчүн милиция кызматкерлери ыраазычылык билдирип, саякатчы жолун улантты.