Оштон Стамбулга 5 миллион сомдук алтынды алып кетүүгө аракет кылган өзбекстандык кармалды

Ош аба майданынан 5 миллион сомдук алтын жасалгасын алып өтүүгө аракет кылган Өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош-Стамбул багытында бараткан 1978-жылы туулган Өзбекстандын Т.С. аттуу жараны салмагы 848 граммды түзгөн алтын жасалгаларды декларациядан өткөрбөй туруп учактын бортуна алып өтүүгө аракет кылган.

"Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, кармалган алтын жасалгалардын баасы 5 миллион сомдон жогору деп бааланды. Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана алтын жасалгалар андан аркы териштирүүлөр үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан