ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери мектептердин жанында коомдук коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери республика боюнча мектептердеги салтанаттуу иш-чаралардын коопсуздугун камсыздоодо.
"ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери мугалимдерге жалпы билим берүү мектептеринин мүлкүн сактоо жана коопсуздук чаралары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ага байлануштуу алар эвакуациялык иш-чараларга карата кыраакылыкты күчөтүү жана чара көрүү зарыл экендигин түшүндүрүштү", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары мугалимдер менен жолугушууда кызматкерлер кандайдыр бир экстремалдык кырдаалда кандай реакция кылуу керектигин жана ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери дүрбөлөң баскычы иштеген учурунда калк менен биргеликте кандай иш алып барарын көрсөтүштү.