Жаңы окуу жылына MEGA'нын жаңы тарифи менен

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктайт. Жаңы окуу жылынын башталышы менен MEGA студенттер жана мектеп окуучулары үчүн «Билим 120» атайын социалдык тарифин ишке киргизди. Аталган тариф билим кенин казып жаткан келечек муун үчүн абдан ыңгайлуу, жана да анда баарлашууга зарыл болгон нерселердин бардыгы камтылган.

Жумасына болгону 120 сомго сизге төмөндөгүлөр жеткиликтүү:

  • Instagram, Facebook, WhatsApp, Telegram, ВКонтакте, Twitter, Одноклассники, Zoom, Google Classroom, Skype, KelBil сыяктуу социалдык тармактарга, мессенжерлерге жана тиркемелерге ЧЕКТӨӨСҮЗ;
  • КРдин билим берүү сайттарын чектөөсүз колдонуу мүмкүнчүлүгү: oku.edu.gov.kg, lib.kg, kitep.edu.gov.kg, okuma.kg, ibilim.kg, inai.kg, digiskills.kg жана башкалар;
  • мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыктагы 8 ГБ интернет-трафик;
  • Түйүн ичиндеги чектөөсүз чалуулар жана SMS'тер;

«Билим 120» тарифин кошуп алуунун жолдору:

· мектеп окуучулары туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, студенттер баа китепчесин, студенттик билетин же окуган жеринен маалымкатты көрсөтүү менен, MEGA компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунан аталган тарифти кошуп алса болот.

· эгер сиз буга чейин "Билим", "Билим 7", "Суперыңгайлуу 7 Мектеп", "Суперыңгайлуу 7 Студент" тарифтеринин колдонуучусу болсоңуз, анда *778*96# буйруусун терүү жетиштүү болот.

Жеткиликтүү билим − MEGA менен!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан