"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан битумду жогорулатылган баада сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын башында «Бишкекасфальтсервистин» кызматкерлери “С” ЖЧКсы менен келишим түзүп, бардык коммерциялык сунуштардын ичинен битумду жеткирүүгө эң жогорку бааны, тагыраагы 1 тоннасына 47 миң сом деп жарыялашкан. Ал эми бул битумдун базар баасы 2 миң сомду түзөт, ошол эле сорттогу битумдун орточо баасы 1 тоннасы 25 миң сомго жакын.
Келишим түзүлгөндөн бери «С» ЖЧКсы «Бишкекасфальтсервиске» 1000 тонна 47 миллион сомго битум жеткирген. Ошол эле учурда кылмыш иши козголгондон кийин «С» ЖЧКсы битумдун калган көлөмүн берүүдөн баш тарткан.
Дайындалган соттук-бухгалтердик экспертизанын жыйынтыгында битумду жогорулатылган баада сатып алуудан келтирилген зыян 29 миллион 43 миң сомду түзгөн.
Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 30-август күнү «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Ш.М.К. жана ишканасынын башкы инженери Ж.А.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.