Ысык-Көлдө Салык кызматынын инспектору кармалды

Ысык-Көлдө Салык кызматынын атайын текшерүүлөр бөлүмүнүн башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, УКМК тарабынан 30-августта Салык кызматынын Ысык-Көл району боюнча атайын текшерүүлөр бөлүмүнүн башкы инспектору А.И.К. жеке ишкерден 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Салык кызматкери көрсөтүлгөн акча каражаттарын контролдук-кассалык машинаны (ККМ) орнотуу боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн опузалоо жолу менен талап кылган.

Ага ылайык, салык кызматкери эгер көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тартса, айып пул жана кошумча салыктык төлөмдөрүн төлөтөрүн айтып, коркуткан.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан