Эртеңкиге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 2-сентябрда Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бир гана Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет маалымдайт.

Абанын температурасы:

Чүй жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27 даража,

Талас аймагында түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25 градус,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30 даражага чейин жетет.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,

Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 даража жылуу болот.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 24…26 градуска чейин жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baltabai
2023-09-02 08:38:00
Күн жаабай турсун эми картошка сабиз жыйып алайы Куда кааласа
0
Батя брат
2023-09-02 21:21:00
baltabai Кудай буйурса!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан