"Бүгүн баш коргоо чарасы каралат". Адахан Мадумаров чек ара маселесине байланыштуу кармалганы айтылды

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун баш коргоо чарасы каралат. Ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди. Эл өкүлү журналисттердин суроосуна кыска жооп бергендей, ал чек ара маселесине байланыштуу суралууда.

Белгилүү болгондой, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда көчөдөн ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери кармап кеткени кабарланган.

Ал эми Ички иштер министрлиги расмий маалымат бере элек.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия Адахан Мадумаровго коюлган төрт берененин бири, Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен жоопкерчиликке тартууга макулдук берген.

Адахан Мадумаров чек ара маселесине байланыштуу кармалганы айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Батя брат
2023-09-02 21:15:00
Музыка менен кармачу элего! Кинодогудай(((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан