Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Эртең, 3-сентябрда Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат.

Жол таңкы саат 06:00дөн кечки саат 22:00гө чейин көчөнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабык боло турганын калаа мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын суу түтүктөрүн жана канализация тармагын куруу боюнча эл аралык долбоорду ишке ашыруунун алкагында "Профит экспресс" ЖЧКсы Ахунбаев көчөсү менен Бакаев көчөсүнүн кесилишиндеги бөлүгүндө канализациялык коллекторду куруу үчүн жер иштерин жүргүзүүнү пландаштырууда.

Буга байланыштуу 3-сентябрда №5 троллейбустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт. Анда түштүк багыты боюнча Абдрахманов, Б.Баатыр, А.Токомбаев көчөлөрү менен каттам уланат.

Ал эми №14 троллейбустук каттам бул күнү толугу менен линияга чыкпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан