Бишкектин Ленин районундагы №59 орто мектепте жаңы кошумча имарат ачылды

Бишкектин Ленин районундагы №59 орто мектепте жаңы кошумча имарат ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Чакырылган коноктор мугалимдерди, ата-энелерди жана мектеп окуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы жана жаңы имараттын ачылышы менен куттукташты.
Чогулгандарга чакан концерттик программа уюштурулуп, салтка айланган биринчи коңгуроо кагылды. Андан соң коноктор жаңы имаратты, анын ичинде окуу бөлмөлөрүн кыдырып чыгышып, билим алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилешти.
Белгилей кетсек, курулуш 2019-жылы башталган. Имаратта 11 предметтик кабинет бар жана ал орто жана жогорку класстын 150 окуучусуна ылайыкталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан