Кечээ, 2-сентябрда Чоң-Алайда УКМКнын жаңы имараты ишке берилди. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Белгилүү болгондой, имараттын ачылышына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын өздүк курамы жана УКМК ардагерлери катышты.
Маалымдалгандай, Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарында атайын кызматтын бардык имараттары толугу менен жаңыланып бүткөн. Жакынкы арада Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарындагы курулуш иштери да аягына чыгат.
УКМКнын Чоң-Алай райондук бөлүмү буга чейин Советтер Союзу учурунда курулган имаратта иштеп келген. Жаңы имаратта заманбап шарттар толугу менен камсыздалган. Аны курууда мамлекеттик бюджеттен каржы коротулган эмес.