Улуттук банк балдар арасында эссе жазуу боюнча сынак жарыялады

Кыргызстандын Улуттук банкы улуттук валюта – сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган “сом – Кыргызстандын жүзү” темасында эссе жазуу боюнча республикалык сынак жарыялайт. Ага 12-15 жаш курактагы балдар катыша алат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалыматында айтылат.

Белгиленгендей, сынакка катышуу үчүн талапкерлер ушул жылдын 1-сентябрынан 1-октябрына чейинки мезгилде төмөнкү дарек боюнча онлайн-өтүнмө толтуруп, сынакка деген эмгектерин Улуттук банктын кызматкерлеринин электрондук почтасына жөнөтүүсү зарыл.

Сынак боюнча эмгектерди баалоонун негизги критерийлери:

• теманы ачуу;
• логикалык жана ырааттуу ой жүгүртүү;
• кошумча материалдарды колдонуу;
• тыянак.

Жеңүүчүлөр 24-октябрда жарыяланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан