"Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт". Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Эртең, 4-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +17…+22 даражаны көрсөтсө,

Талас аймагында түнкүсүн +8…+13, күндүз +16…+21 градус жылуу болот.

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23 градус,

Нарында жергесинде +4…+9, күндүз +17…+22 даража болот.

Борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан