Бүгүн, 13-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук
филармониясында жылдын мыктыларын аныктаган концерт өтүүдө. "Жылдын супер ыры" наамына талапкер ырчы Нурлан Насип "Менин да сүйүүм ушундай" деген ырын тартуулады.
"Ырды эл абдан жакшы кабыл алды. Толкунданып жаткан учурубуз. Быйыл мүчөл жылым, ошону эске алып кызыл костюм кийип келдим. Бул кийимим бир нече жолу ийгилик алып келген. Ак жолтой болсун деп ырымдап койдум. Биз, ырчылар, жылдык эмгегибиздин кандай деңгээлде болгонун "Супер-Инфонун" тандоосунан улам билип турабыз. Буюрса, ийгилик биз жакта болсо, досторум менен майрамдайбыз",- деди ырчы. Мындан сырткары Нурлан Насип "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамына ат салышып жатат.