Бүгүн, 4-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети запастагы аскер кызматкеринин мамлекетке чыккынчылык кылгандыгы аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө (Мамлекеттик чыккынчылык) каралган кылмышты жасаган деп шектелген Кыргыз жараны, запастагы аскер кызматчысы С.Ф.Кнын мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду.
"Жогорку соттун өкүмү менен кармалган жаран жасаган кылмышы үчүн күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылып, жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөйт", - деп айтылат маалыматта.