Кара-Суу районунда ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Кашкар-Кыштак айылынын Козубаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 2:02 чамасында 5 күжүрмөн эсеп тартылган.
Өрт саат 2:59да чектөөгө алынып, саат 08:38де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.
Белгилей кетсек, акыркы суткада өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган.