Социалдык тармакта улут аралык кастыкты козуткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-сентябрда социалдык тармактарда белгисиз жарандын регион аралык кастыкты козутуучу сөздөрдү айтып видео кайрылуу жасаган видеосу тараган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1996-жылы туулган А.С. аттуу жарандын аты-жөнү такталып, Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда тергөө амалдары улантылып жатканы кошумчаланды.