Ошто ресторандардын бири күйүүдө. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 4-сентябрда ӨКМдан ырасташты.
Маалымдалгандай, Ош шаарындагы Алиев көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:10 чамасында Ош шаардык №12 ӨКБдан 2, саат 11:12 чамасында Ош шаардык №13 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылды.
Буга кошумча саат 11:20 чамасында Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты, штаб жана КККБдан ыкчам топ тартылды.
Өрттү өчүрүүнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.