Быйыл Алтынай Нарбаеванын "Кат жазчы мага" ыры хит ырлардын катарынан түшкөн жок. Ырчы ырдап болгон соң алпаруучу
"эже, кетпей турсаңыз, сизге сюрприз бар экен" деп токтотуп калды. "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Нуржамал Жийдебаева сахнага чыгып, ырчынын быйыл өзгөчө эмгектенгенин баалап, ага "Жылдын жаңырыгы" наамын тапшырды.