Бишкекте Свердлов райондук билим берүү борборунун мурдагы башкы эсепчиси "подрядчылардан акча чыгарып алуу жана уурдоо боюнча коррупциялык схемага катышкан" деген айып менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда УКМКдан билдиришти.
Маалымдалгандай, УКМК тарабынан 2-сентябрда Райондук билим берүү борборунун мурдагы башкы бухгалтери Н.М.нын бул ишке катыштыгы бар экени билинип, мамлекеттен чыгууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Мындан тышкары тергөө органына биринчи чакыруу боюнча келүүдөн жана "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу республиканын аймагынан чыгып кетүүгө, тергөөдөн жашырынууга аракет кылган.
Ага ылайык, Н.М. Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда УКМК Чек ара кызматы тарабынан кармалып, тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКга өткөрүлүп берилди. Жыйынтыгында тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.