Бүгүн, 4-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 4-5-сентябрда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
"Кырсык катталган учурда “112” номерине чалыңыз. Байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт", - деп кошумчалашты ӨКМдан.