Нигерия дүйнөдөгү бардык элчилерин чакыртып алды

Нигериянын президенти Бола Тинубу өлкөнүн дүйнөнүн булуң-бурчундагы бардык элчилерин тез арада чакыртып алууга буйрук бергенин мамлекет башчынын администрациясы социалдык тармакта билдирди.

Мындай чечим дүйнө жүзүндөгү Нигериянын консулдуктары менен элчиликтериндеги иштердин абалын тыкыр текшергенден кийин кабыл алынган.

Нигериянын Нью-Йорктогу жана Женевадагы Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлдөрү гана сентябрь айынын аягында боло турган жыйынга байланыштуу ишин улантат.

Президенттин буйругу дароо аткарылууга тийиш.

Бола Тинубу 71 жашта, ал март айында Нигериянын президенттигине келген. Кызматка киришкенден кийин Тинубу ондогон жылдарга эң дымактуу реформаларды жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан