"Видеону чыгарам". Жол тескөөчүдөн 60 миң сом алып жаткан жеринен блогер кармалды

Жол тескөөчүдөн Сокулукта тартылган видеону чыгарам деп коркутуп, пара алып жаткан жеринен блогер кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, А.Жумагулова аттуу блогер Сокулуктагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык унаанын жүргөндүгү боюнча видеороликти таркатам деп коркутуп, Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 30-августта ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө блогер А.Жумагулова 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekalife
2023-09-05 14:48:00
УКМК жана МАИ кызматкерлери азаматтар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан