Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кырсык кечээ, 3-сентябрда Ош-Алай унаа жолунун 51-чакырымында болгон. Анда Honda Accord унаасы менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, жеңил унаадагы төрт адам каза болгон. Ал эми жүк ташуучу унаадагы эки адам жаракат алган.
Жеңил унаа Оштон Алайга, жүк ташуучу унаа Алайдан Ошко бара жаткан. Каза болгондордун бардыгы Алай районунун тургундары болгон.