7-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 7-сентябрда саат 10:00дөн 18:00гө чейин Көлбаев көчөсүндө (Лермонтов көчөсүнөн тартып Валиханов көчөсүнө чейин), Аламүдүн-1 кичи районунда, Куруучулар шаарчасында суу жок болот.
Суу шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо жана профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
"Бишкек мэриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат", - деп айтылат маалыматта.