Сузак районунда унаада бара жаткан адамга ок атууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Окуя 29-августтан 30-августка караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында болгон. Анда Деу-Нексия үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы Н.С. аттуу жаранга Хундай-Гетс үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар келишип бир нече жолу ок атуучу курал менен ок атышкан.
Натыйжада Н.С. денесинен оор жараат алып, Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган Б.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.