Футбол боюнча Португалия курама командасынын башкы машыктыруучусу Роберто Мартинес 2024-жылкы Европа чемпиондугуна тандоо турунун алдыдагы оюндарына чакырылган футболчулардын тизмесин жарыялады.
Тизмеге 24 оюнчу, анын ичинде сауд арабиялык "Аль-Наср" клубунун оюнчусу Криштиану Роналду дагы кирди. Сауд Арабия чемпионатынын учурдагы сезонунда португалиялык футболчу төрт беттешке катышып, алты гол киргизип, төрт жолу голдук пас чыгарып берген.
Португалия курамасынын толук курамы төмөнкүдөй:
Дарбазачылар: Диогу Кошта («Порту»), Жозе Са («Вулверхэмптон»), Руй Патрисиу («Рома»);
Коргоочулар: Диогу Далот («Манчестер Юнайтед»), Нелсон Семеду («Вулверхэмптон»), Жоау Канселу («Барселона»), Данилу (ПСЖ), Рубен Диаш («Манчестер Сити»), Антонио Силва («Бенфика»), Гонсалу Инасиу («Спортинг»), Тоте Гомеш («Вулверхэмптон»);
Жарым коргоочулар: Палинья («Фулхэм»), Рубен Невеш («Аль-Хиляль»), Бруну Фернандеш («Манчестер Юнайтед»), Отавиу («Аль-Наср»), Витинья (ПСЖ) жана Бернарду Силва («Манчестер Сити»);
Чабуулчулар: Рикарду Орта («Брага»), Рафаэл Леау («Милан»), Жоау Феликс («Барселона» Мадрид), Криштиану Роналду («Аль-Наср»), Педру Нету («Вулверхэмптон»), Гонсалу Рамуш (ПСЖ) дана Диого Жота («Ливерпуль»).