Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Каргашалуу окуя 25-августтан 26-августка караган түнү Шайдан айылында болгон. Анда 1981-жылы туулган С.Б. аттуу жаран Шайдан айыл аймагындагы почтанын жанында топтолуп отурган балдар тарапка өзүнүн мергенчилик ок атуучу куралы менен бир ирет ок чыгарган. Анын аткан огу 15 жаштагы баланын баш тарабына тийип, алган жаракатынан улам ооруканада өзүнө келбей каза болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү катары Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну 1981-жылы туулган С.Б. кармалып, 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.